Төрага Марлен Маматалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Ырыс Ордо» мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты

Төрага Марлен Маматалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Ырыс Ордо» мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты
Бүгүн, 24-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы курулган «Ырыс Ордо» мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, саясий жана коомдук ишмерлер, ошондой эле чакырылган коноктор катышты.
Иш-чаранын катышуучулары жаңы курулган «Ырыс Ордо» мамлекеттик конгресс-борборунда түзүлгөн шарттар менен таанышып, анын негизги залдарын жана инфраструктурасын көрүп чыгышты.
Андан соң конгресс-борбордун «Курултай» залында салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Белгилей кетсек, заманбап көп функционалдуу «Ырыс Ордо» мамлекеттик конгресс-борбору 39 миң чарчы метрден ашуун аянтты ээлеп, бир эле учурда 2 миңден ашуун конокту кабыл алууга ылайыкташкан.
Конгресс-борбордо 1 миң 238 орундуу «Курултай» конференц-залы, 1 миң орундуу банкеттик зал, 235 орундуу басма сөз залы, ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө арналган заманбап залдар бар.
Мындан ары «Ырыс Ордо» мамлекеттик конгресс-борборунда Элдик курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушууларды, ири эл аралык форумдарды, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Жаңы конгресс-борбордун ишке берилиши Кыргызстанда жогорку деңгээлдеги мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бөлүшүү
Окшош жаңылыктар
Комментарийлер (0)
Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!





