Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты

Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты
Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан №60 Рыскул Солпиев атындагы 375 орундуу мектептин ачылыш аземине катышты.
Эл өкүлү жергиликтүү тургундарды, мугалимдер жамаатын жана окуучуларды кубанычтуу саамалык менен куттуктап, өлкө эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленип жаткан учурда жаңы мектептин пайдаланууга берилиши өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
Ошондой эле аталган билим уясынан мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон мекенчил жаштар тарбияланып чыгышына тилектештигин билдирип, агартуучулардын ишине ийгиликтерди каалады.
Иш сапардын алкагында депутат Гүлшаркан Култаева Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылындагы №42 «Жаш-Муун» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына да катышты.
Анда эл өкүлү айыл тургундарын, ата-энелерди жана бөбөктөрдү жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, балдардын сапаттуу билим жана татыктуу тарбия алуусуна шарт түзүү мамлекеттин келечегине салынган маанилүү инвестиция экенин белгиледи.
«Жаңы мектеп менен бала бакча элибизге узак жылдар кызмат кылып, билимдүү, мекенчил жаштарды өстүрүп чыгарсын», - деди депутат.
Бөлүшүү
Окшош жаңылыктар

●мыйзамга ылайык, президент да, депутат да шайлоого катышкан учурда өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырбайт.
мыйзамга ылайык, президент да, депутат да шайлоого катышкан учурда өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырбайт.

●Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.

●Президент Садыр Жапаров санариптик музейдин ачылышына катышып, Жогорку Кеңештин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты
Президент Садыр Жапаров санариптик музейдин ачылышына катышып, Жогорку Кеңештин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты
Комментарийлер (0)
Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!

