RUB 1.04EUR 97.79USD 87.45
💬 Чат
АлКа Медиа
СаясатШашылыш

🔹 Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди Курултай депутаттарын шайлоонун өткөрүлүшү менен куттуктады

Редакция АлКа👁 1 көрүү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин Казакстан Республикасынын Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

“Жарандардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн Курултай Казакстан Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп терең ишенем.

Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан ырааттуу реформалар мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына, элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кызмат кыларын канааттануу менен белгилейм.

Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да ырааттуу бекемделип, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы, ошондой эле бүткүл Борбордук Азиядагы тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы мазмун менен толуктала берет деп ишеним артам. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

мыйзамга ылайык, президент да, депутат да шайлоого катышкан учурда өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырбайт.
Саясат

●мыйзамга ылайык, президент да, депутат да шайлоого катышкан учурда өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырбайт.

мыйзамга ылайык, президент да, депутат да шайлоого катышкан учурда өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырбайт.

12 👁
Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты
Саясат

●Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты

Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты

1 👁
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.
Саясат

●Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.

14 👁

Комментарийлер (0)

Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!