Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, “Бишкек Арена” стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди, анын ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборун көрүп чыкты.
Даярдык иштеринин жүрүшүндө ачылыш аземин уюштурууга жана алдыдагы иш-чаранын катышуучулары менен коноктору үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында Мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат.
Бөлүшүү
Окшош жаңылыктар
Комментарийлер (0)
Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!







