RUB 1.04EUR 97.79USD 87.45
💬 Чат
АлКа Медиа
СаясатШашылыш

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Редакция АлКа👁 3 көрүү
КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын алдыдагы мамлекеттик сапары бекем достук, өз ара ишеним жана колдоого негизделген кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоодо маанилүү кадам болуп калат.

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

мыйзамга ылайык, президент да, депутат да шайлоого катышкан учурда өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырбайт.
Саясат

●мыйзамга ылайык, президент да, депутат да шайлоого катышкан учурда өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырбайт.

мыйзамга ылайык, президент да, депутат да шайлоого катышкан учурда өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырбайт.

12 👁
Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты
Саясат

●Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты

Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда бир катар билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышты

1 👁
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.
Саясат

●Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.

14 👁

Комментарийлер (0)

Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!