З0 жылда мындай болгон эмес

Бажы кызматындагы кызыктуу маалымат менен бөлүшө кетейин. Тармактан, 1991-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бюджетке жалпы 452,7 млрд сом бажы төлөмдөрү түшкөн.
Ал эми 2021-жылдан 2026-жылдын жети айына чейинки аралыкта бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 млрд сом түштү.
Башкача айтканда, акыркы 5 жарым жылда бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү ага чейинки 30 жылдагы жалпы көрсөткүчтөн ашты.
Кыргыз Республикасы 2015-жылы ЕАЭБге киргенден кийин Бажы кызматы 18 млрд сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүн администрациялоону токтоткон. Анткени Россия, Казакстан, Армения жана Беларусиядан импорттолгон товарларды көзөмөлдөө жана тиешелүү төлөмдөрдү администрациялоо функциясы Салык кызматына өткөн.
Дайырбек Орунбеков
Бөлүшүү
Комментарийлер (0)
Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!
