Ош шаарынын мэриясынан шайтан араба утуп ал

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! 🔹 Шаарыбыздын таза абасына жана өз ден соолугуңузга салым кошууга даярсызбы? 🔹 Ош шаарынын мэриясы сиздерди “Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!” аталышындагы масштабдуу экологиялык челленджине катышууга чакырат! 🔹 Акциянын негизги максаты — шаарыбызда экологиялык транспортту жайылтуу, автоунааны азайтуу жана калаада сергек, таза чөйрөнү калыптандыруу. 📲 Челленджге кантип катышуу керек? 1. Бир күнгө унаадан баш тартыңыз: Жумушка велосипед менен келиңиз. 2. Сүрөт/видео тартыңыз: Велосипед менен түшкөн сүрөтүңүздү же кыска видеоңузду (атайын жасалган рамка менен) социалдык тармактарга жарыялаңыз. 👉 Рамканы жүктөп алуу үчүн төмөндөгү шилтемеге кириңиз: https://oshcity.gov.kg/ky/unaasyz-bir-k%d2%afn-velosiped-menen-zhumushka-atalyshyndagy-masshtabduu-ekologiyalyk-akcziyasyna-chakyrabyz/ 3. Хэштегдерди белгилеңиз: #УнаасызБирКүн #ОшВелосипедте #ВелосипедМененЖумушка #ОшШаары #УнааданБашТарт 4. Эстафетаны өткөрүңүз: Постуңузга 2-3 кесиптешиңизди же досуңузду белгилеп (таг кылып), челленджди улантууга чакырыңыз. 🔹 АКЦИЯ АР АПТАНЫН ЖУМА КҮНДӨРҮ өтүп, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө чейин уланат. Алгачкы старт 28-август күнү берилет. 🏆 Эң активдүү катышуучуларга сыйлыктар бар! 🔹 Акциянын соңунда эң креативдүү жана активдүү катышуучулардын посттору мэриянын расмий баракчаларына жарыяланып, “Эң активдүү катышуучу” номинациясы менен сыйланат. 🔻🔻🔻🔻🔻
Бөлүшүү
Окшош жаңылыктар

●Мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүндү.
Мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүндү.

●Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.

●Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.
Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.
Комментарийлер (0)
Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!
