RUB 1.04EUR 97.79USD 87.45
💬 Чат
АлКа Медиа
КоомШашылыш

Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кошумча имаратынын ачылыш аземине катышты

Редакция АлКа👁 4 көрүү
Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кошумча имаратынын ачылыш аземине катышты

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагындагы №12 Ак-Суу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы курулган кошумча имаратынын ачылыш аземине катышты.

Аталган имарат Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен салынган.

Эл өкүлү жергиликтүү тургундарды кубанычтуу саамалык менен куттуктап, саламаттык сактоо тармагындагы ар бир жаңылануу калктын ден соолугун чыңдоодогу жана дени сак улутту түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналарын билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, Президенттин Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Убайдуллаев жана Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Азамат Намазалиев да катышты.

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүндү.
Коом

●Мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүндү.

Мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүндү.

23 👁
Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.
Коом

●Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.

13 👁
Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.
Коом

●Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.

Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.

10 👁

Комментарийлер (0)

Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!