RUB 1.05EUR 101.05USD 87.45
АлКа Медиа
РегиондорШашылыш

Депутат Болотбек Борбиев Таш-Көмүр шаарында, Үч-Коргон жана Ак-Суу айыл аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрдү

Редакция АлКа👁 0 көрүү
Депутат Болотбек Борбиев Таш-Көмүр шаарында, Үч-Коргон жана Ак-Суу айыл аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрдү

Бүгүн, 15-августта Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын жана Аксы районундагы Үч-Коргон, Ак-Суу айыл аймактарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо, саркынды суу тутумун иштике киргизүү, социалдык объектилерди куруу, ички жолдорду оңдоо жана жөлөкпул алуу тартибин жеңилдетүү сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Тургундар ошондой эле саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы көйгөйлөргө да токтолуп, калк арасында боор ооруларынын көбөйүшүнүн себептерин аныктоо, дарыгерлердин жетишсиздиги, мектептерге психолог жана медицина кызматкерлерин бекитүү, окуучуларды ташууга автобус бөлүрүү зарылдыгын билдиришти.

Мындан тышкары Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары ичүүчү сууну Күрп-Сай ГЭСинен алуу жана 24 чакырымга суу түтүктөрүн тартуу үчүн курулуш иштерин долбоорлоого тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат алуу зарыл экенин айтышып, аталган маселеге көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Депутат Болотбек Борбиев айтылган суроо-талаптардын маанилүүлүгүн белгилеп, аларды тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирге карап чыгарын билдирди.

Иш сапардын алкагында эл өкүлү Таш-Көмүр шаарынын Суу чарба ишканасынын учурдагы абалы, Үч-Коргон айыл аймагынын Мор-Булак айылындагы 100 орундуу мектептин жана 30 чакырымга созулган Майлуу-Сай - Ак-Суу - Жаңы-Талап унаа жолунун курулуш иштери менен да таанышты.

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Комментарийлер (0)

Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!