USD 87.45RUB 1.04EUR 98.34
💬 Чат
АлКа Медиа
КоомШашылыш

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Редакция АлКа👁 12 көрүү
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.

Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.

Алардын ичинде:

  • басылмалар – 19;
  • телерадиоуюмдар – 22;
  • радиолор – 13;
  • интернет-басылмалар – 27.

КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.

Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.

Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.

Бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүндү.
Коом

●Мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүндү.

Мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 500 000 000 (сегиз миллиард беш жүз миллион) сом бөлүндү.

24 👁
Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.
Коом

●Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.

13 👁
Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.
Коом

●Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.

Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.

10 👁

Комментарийлер (0)

Азырынча комментарийлер жок — биринчи болуңуз!